“Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси
“Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси
САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖОГОРКУ ЖҮКТӨМДҮҮ ТИРКЕМЕЛЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУНУ ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

Көрүлдү: 655

2024-жылдын 23-26-апрелинде Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санариптик билим берүү борборунун" кызматкерлери "Татаал жогорку жүктөмдүү тиркемелерди иштеп чыгуунун негиздерине киришүү" темасындагы тренингге катышты.

post.title

Окутуунун максаты - жогорку жүктөм шарттарында чоң көлөмдөгү маалыматтарды натыйжалуу иштетүү үчүн татаал тиркемелерди иштеп чыгууда билим жана көндүмдөрүн кеңейтүү.

Окутуунун программасында системалык долбоорлоонун негиздери, архитектуралык калыптарды масштабдоонун, өндүрүмдүүлүктү ылайыкташтыруунун стратегиялары, билдирүүлөрдү далмадалсыз иштеп чыгуу, маалыматтар базасын иреттештирүү жана аларды пайдалануунун сценарийлери сыяктуу темалар камтылган.

Окутуу "Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүүнү колдоо" долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу менен уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар