Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
АККРЕДИТАЦИЯЛОО: УКУКТУК ЧЕНЕМДИК АКТЫЛАРГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ИШ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо тармагындагы укуктук ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишин баштагандыгын маалымдайт.

post.title

Алар төмөндөгүлөр: 

  • билим берүү жаатындагы аккредитациялык агенттиктерди таануунун тартиби;
  • билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартиби (көз карандысыз агенттиктер тарабынан);
  • Кыргыз Республикасынын аккредитациялануучу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар.

Жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары, аккредитациялык агенттиктер  жана билим сапатын жакшыртууга кызыккан тараптар жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мазмунун жакшыртуу максатындагы сунуштарыңыздарды 2022-жылдын 30-сентябрына чейин accreditation@edu.gov.kg почтасына жөнөтүңүздөр.

Сиздердин сунуштар укуктук ченемдик актынын долбоорун иштеп чыгууда каралат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар