Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Сүрөт табылган жок
Касымалиев Муратбек Үсөнакунович

Министрдин орун басары

Туулган күнү: 30.01.1967

Туулган жери: Нарын облусу, Тянь-Шань району.

Билими:

1991-жыл – Кыргыз улуттук мамлекеттик университети, “Математика” кесиби.

Илимий даражасы:

2014-жыл – Педагогика илимдеринин кандидаты, “орто мектепте компьютердик технологияны колдонуу менен окуу ишин жекелештирүүнү жана дифференциациялоону окутуунун методикасы”, № 000951.

Кошумча билими:

Азия өнүктүрүү банкынын “Экинчи билим берүү долбоору” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 5-11-класстары үчүн “Информатика жана МКТ” предмети боюнча предметтик окуу планын түзүү боюнча улуттук консультант. Сертификат.

Эмгек жолу:

11.2017-11.2023 – А.Молдокулов атындагы
улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи
нин директору,

2017-жыл – КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Дүйнөлүк Банктын ДИБ “Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо” долбоору, окуу китептердин авторлошу,

09.2016 – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Табигый-илимий дисциплиналар” кафедрасынын доценти,

09.2015 – М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин “Колдонмо информатика” кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу,

09.2009-09.2013 – М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин “Колдонмо информатика” кафедрасынын улук окутуучусу,

09.2007-09.2009 – М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин “Колдонмо информатика” кафедрасына караштуу мультимедиалык лаборатория секторунун башчысы,

2006-2011-жж. – Азия өнүктүрүү банкынын “Экинчи билим берүү долбоору” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 5-11-класстары үчүн “Информатика жана МКТ” предметинен куррикулум түзүү боюнча улуттук консультант (грант 0020 KGZ (SF)),

03.2005-02.2009Россия мамлекеттик соода-экономикалык университетинин Бишкектеги филиалынын директорунун илим боюнча орун басары,

09.2000-10.2007 – Байкал мамлекеттик экономика жана укук университетинин (БГУЭП) инспектирлөө жана контролдоо секторунун башчысы,

10.1995-09.2000 – Бишкек коммерциялык колледжинин компьютердик техника лабораториясынын башчысы,

06.1995-10.1995Нарын мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун Информатика

кабинетинин башчысы жана Информатика предмети боюнча башкы методист,

03.1992-09.1993 – Нарын районундагы А.Жутакеев атындагы орто мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары,

09.1991-03.1992 – Нарын районундагы Эмгек-Талаа орто мектебинин математика жана информатика мугалими.

Тилдерди билүүсү: кыргыз (эне тил), орус (эң жакшы), англис тили (предметтик деңгээл).

Сыйлыктары:

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги төш ​​белгиси.

2014-жылы – М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Ардак грамотасы.

2015-жылы – Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун Ардак грамотасы.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.

Окуу-усулдук колдонмолор:

Орускулов Т.Р., Касымалиев М.У., Кулушева А.Т., Ибирайым кызы А. «Информатика. Жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн базалык курстун окуу программалары VII-IX кл.» Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим. – Бишкек, 2011.46б.

2. Орускулов Т.Р., Касымалиев М.У., Ибирайым кызы А. «Информатика. Жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн базалык курстун окуу программалары VII-IX кл.» Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги. – Бишкек, 2012.52б.

3. Касымалиев М.У., Ибирайым кызы А., Осипова Е.В. «Информатика. Жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн базалык курстун окуу программалары VII-IX кл.» Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги. – Бишкек, 2013.54б.

4. Касымалиев М.У., Ибирайым кызы А., Осипова Е.В. «Информатика. Жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн базалык курстун окуу программалары VII-IX кл.» Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги. – Бишкек, 2014.48б.

5. Орускулов Т.Р., Касымалиев М.У. «Информатика: Базалык курс. Орто мектептердин 7-9-кл. үчүн окуу китеби», Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги. Кыргыз билим берүү академиясы. – Бишкек, 2015.352б.

6. Орускулов Т.Р., Касымалиев М.У. «Информатика: Базалык курс боюнча практикалык иштер. Орто мектептердин 7-9-кл. үчүн окуу китеби», Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги. Кыргыз билим берүү академиясы. – Бишкек, 2015.192б.

7. Информатика: 6-кл.: Жалпы билим берүүчү мектеп. үчүн окуу китеби /Т. Р. Орускулов, М. У. Касымалиев, А. А. Кузнецов, Л. Л. Босова. – Б.: Билим-компьютер, 2018. – 168 б. ISBN 978-9967-31-826-7

8. Информатика: 6-кл.: Мугалим. үчүн методикалык колдонмо /Т. Р. Орускулов, М. У. Касымалиев, А. А. Кузнецов, Л. Л. Босова – Б.: Билим-компьютер, 2018 – 80 б. ISBN 978-9967-31-825-0

9. Информатика: 5-класс: Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн окуу китеби /Т. Р. Орускулов, М. У. Касымалиев, А. А. Кузнецов, Л. Л. Босова – Б.: Билим-компьютер, 2018 – 144 б. ISBN 978-9967-31-824-3

10. Информатика: 5-кл.: Мугалим. үчүн методикалык колдонмо /Т. Р. Орускулов, М. У. Касымалиев, А. А. Кузнецов, Л. Л. Босова – Б.: Билим-компьютер, 2018 – 80 б. ISBN 978-9967-31-825-0

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар