Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Сүрөт табылган жок
Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна

Министр

Туулган жылы: 1965-жылдын 25-июлу.

 

Билими:

1986 – 1991 - Кыргыз мамлекеттик университети. Тарых жана коомдук илимдер мугалими. Артыкчылык диплому менен аяктаган.

 

Эмгек жолу:

2014, ноябрь — 2023 - «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду. Аткаруучу директор.

2012-жылдын июлу 2014-жылдын сентябры - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. Министрдин орун басары.

2007-жылдын ноябры 2012-жылдын июлу - Ысык-Көл облустук билим берүү институту. Облустук билим берүү уюмдарынын директору, координатору.

2004 -2007 — Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгы. Башкармалыктын начальниги.

2003-2004 — Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы. Жети-Өгүз районунун жетекчиси– акиминин биринчи орун басары.

2002-2003 - Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча облустук институт. Эл аралык мамилелер жана инвестиция тартуу боюнча лаборатория. Тарых жана экономика боюнча методист. Лабораториянын башчысы.

2001-2002 – Балдарды сактагыла (Улуу Британия) — АӨБ. АӨБ “Коомчулук деңгээлинде балдарды эрте куракта өнүктүрүү” долбоорунун аймактык билим берүү боюнча облустук консультанты.

1997 – 2001 - Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту. Облустук мектептерди башкаруу жана инвестиция тартуу лабораториясынын башчысы.

1987 –1997 — Жети-0гуз районундагы Ю. Гагарин атындагы орто мектеби, Тарых жана экономика мугалими.

1982-85 —«Оргочор» асыл тукум чарбасы. Жумушчу.

 

Кошумча маалымат:

Каракол шаардык кеңешинин депутаты болгон. Билим берүү, социалдык тармак жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.

Каракол шаардык кеңешинин «Мугалим» шайлоо тобунун жетекчиси.


Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы. 2002-ж.

Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы. 1996.

  • Каракол шаардык кеңешинин Ардак грамотасы. 2008.
  • Ардак грамота – Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ыраазычылык каты.
  • Облустук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары. 1996- 2010.
  • Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. 1996.
  • «Кыргызстандын аялдары айылдарды өнүктүрүүдө» эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү (ПРООН- ЮНИФЕМ). 2006.
  • Коомчулукка негизделген эрте жаш курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн новатордук идеялар сынагынын жеңүүчүсү. 2003.
  • «Жылдын мыкты мугалими-96» облустук, республикалык сынагынын жеңүүчүсү.
  • Эл аралык «Дилгир» сыйлыгынын лауреаты. 2002.

 

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар