Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Сүрөт табылган жок
Супаналиев Бекжан Төрөбаевич

Министрдин биринчи орун басары

СУПАНАЛИЕВ БЕКЖАН ТӨРӨБАЕВИЧ
Туулган жылы: 11.07.1977
Туулган жери: Токмок шаары, Чүй облусу 


Билими:

1995-2000 - Бишкек гуманитардык университети, Башкаруу жана социология факультети, «Саясат таануу» бөлүмү;

1998-2001 – БГУ караштуу Үзгүлтүксүз билим берүү институту, Экономика жана бизнес факультети «дүйнөлүк экономика» адистиги;

2000-2003 - БГУнун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмү, «Саясат таануу» адистиги;

2012-2014 - Япониянын Токио шаары, Мэйдзи университети, мамлекеттик башкаруу магистри.


Эмгек жолу:

2001-ж. январь – 2004-ж. май - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын басма сөз кызматкери;

2004-ж. май – 2010-ж. декабрь - Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги, долбоордун координатору;

2011-ж. январь – 2012-ж. январь - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2012-ж. январь – 2014-ж. октябрь — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн эксперти;

2014-ж. октябрь – 2015-ж. сентябрь – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аймактарды өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар башкармалыгынын эксперти;

2015-ж. сентябрь – 2016-ж. апрель – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;

2016-ж.апрель – 2017-ж. январь - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

2017-ж.январь – 2018-ж. март - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы;

2018-ж. март – 2018-ж. ноябрь - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

2018-ж.ноябрь – 2022-ж. февраль - КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору;

2022-ж.июль - 2023 - «Green Finance Centre Bishkek» компаниясынын башкы директору.

2023-ж. июнь – 2023-ж. ноябрь - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

2023-ж. 18-ноябрынан тартып - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары.

Класстык чини: 
«Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» 


Сыйлыктары:

2016-жыл - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан «Ак ниет эмгеги жана инновациялык технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн» ыраазычылык;

2017-жылы - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси;

2022 – Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар