“Салык – мамлекеттин өнүгүшүнө салым” аталышындагы сынагы

30 Апрель 2024 ж.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жаштардын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, КРдин Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жалпы билим берүүчү мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын: М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Ош мамлекеттик университетинин, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттеринин арасында сынак өткөрүүнү пландаштырууда.

“Салык – мамлекеттин өнүгүшүнө салым” аталышындагы сынак жаштардын салык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Сынактын катышуучулары эки курактык категорияга бөлүнөт: биринчи топ — 10- класстын окуучулары, экинчи топ — ЖОЖдун студенттери.

10 - класстын окуучулары “Салык төлөө өлкөнүн өнүгүшүнө кандай таасир этет?аттуу темада эссе даярдашы керек. Сынактын катышуучулары өз иштеринде Кыргызстандын салык системасын кыскача баяндап, жеке көз карашы боюнча (жолдор, мектептер, ооруканалар, социалдык төлөмдөр) өлкөнүн бюджетине түшкөн салыктардын оң таасири тууралуу айтып бериши керек. Бардык эсселер 27-майга чейин salykkyzmaty@gmail.com почтасына жөнөтүлүшү керек.

Эссеге талаптар:

Тили: кыргызча же орусча;

Көлөмү: А4 өлчөмүндөгү 1 бет;

Шрифти: Times New Roman, өлчөмү: 12.

 

ЖОЖдун студенттери конкурска катышуу үчүн “Өлкөнүн өнүгүшү жана келечеги үчүн салык төлөөнүн маанилүүлүгү” темасында видеоролик даярдашы керек. Же болбосо аталган темага ылайык графикалык дизайнды (мүмкүн болсо) колдонуу менен салыктардын түрлөрү боюнча чакан талдоо жүргүзүшү керек. Бардык материалдар 27- майга чейин ЖОЖдордун расмий баракчаларына #salykstudent2024 (#салыкстудент2024) хэштеги менен жарыяланышы керек.

Конкурстук видеоматериалдарга коюлуучу талаптар:

Узактыгы: 3 мүнөттөн ашык эмес; Тили: кыргызча же орусча.

Сынактын мыкты материалдары аныкталгандан кийин Салык кызматы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жеңүүчүлөргө төмөнкү сыйлыктарды берүүнү пландаштырууда:

  • Жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө 4 смартфон;
  • ЖОЖдордун студенттери арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө 4 iPhone жана 1 ноутбук.

Сынактын жыйынтыгы окуучулар жана жогорку окуу жайлардын студенттери арасында 2024-жылдын 7-июнуна чейин чыгарылат.

Ушуга байланыштуу, сиздерден салык маданиятын жайылтуу жана жаштар арасында салык сабаттуулугун жогорулатуу максатында конкурсту уюштурууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөбүз.

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар