Калча атындагы орто мектебинин директору Алыбаева Джумагуль Раисовна дүйнөдөн кайтты

22.10.2020

Алыбаева Джумагуль Раисовна Чүй районунун Дөң-Арык айылынын Калча атындагы орто  мектебинин директору 2020-жылдын 22-октябрында жарык дүйнө менен кош айтышты. Алыбаева Джумагуль Раисовна 15.02.1957-жылы Токмок шаарында төрөлгөн. 1974-1979-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун математика факультетинде окуган. 

Алыбаева Джумагуль Раисовна педагогикалык эмгек жолун 1979-жылы Чүй районундагы Кошкоргон орто мектебинен баштап, 1981-жылдан бери Калча атындагы орто мектебинде эмгектенип келген. 2004-жылдан бери ушул мектептин директору болуп иштеп келген.

Окуткан окуучулары республикабыздын жогорку окуу жайларын бүтүрүп, ар кандай тармактарда ийгиликтүү иштеп жатышат. Джумагуль Раисовна директор болуп иштөө мезгилинде билим сапатын көтөрүүгө зор салымын кошо алды. Республикалык мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү олимпиадаларда республикада 2-орунга ээ болушту. Мугалимдердин өз билимин көтөрүү боюнча, окутуунун жаңы ыкмаларын пайдалануу боюнча ар тараптуу иш алып барып, мугалимдердин иштөөсүнө шарт түзүп келди. Мектептин китепканасын электрондук китепканага айландыруу менен окуучуларды китеп окууга кызыктыра алды.

Мектептин кадрлар менен камсыз болуусу, окуучулардын билим сапатынын жогорулоосу байкалууда. Акыркы үч жылдын ичинде мектеп боюнча окуучулардын билим сапаты өстү. Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн эл аралык уюмдарга 18 долбоор жазуу менен МЕРСИ-КО, “Тынчтык Корпусу”,  ИПР, Мегабилим, АРИС уюмдарынан 10 млн сомдук грант утуп алып, жыйындар залына  отургучтарды, ашкана эмеректерин, информатика кабинетин, мектептин терезелерин, от жагуу казандарын, электрдик системасын которду.

Бурана айылдык кеңешинин төрт чакырылышынын депутаты, 2011-жылы 6-апрелде район ичинде биринчилерден  болуп ата-энелер, айылдык кеңештин депутатынын, педагогикалык жамааттын алдында бюджеттик угуу өткөрүп ата-энелердин, коомчулуктун ишенимине ээ боло алган. 2015-2016-окуу жылынын жыйынтыгы менен Чүй райондук билим берүү бөлүмүнүн “Жылдын мыкты мектеби” көчмө туусун жеңип алган. 1995-жылы МНОнун Ардак грамотасы, 2000-жыл Агартуунун отличниги төш белгиси, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын илим, билим профсоюздук кыймылынын отличниги төш белгиси менен сыйланган. 2 кыз, 3уулду тарбиялап эрезеге жеткирген.

Алыбаева Джумагуль Раисовнанын жаркын элеси аны билгендердин, билим берүү кызматкерлеринин, айылдаштарынын окуучуларынын, туугандарынын эсинде түбөлүккө сакталат.