Бишкекте «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун ийлеп чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү

Автор: Укуктук камсыз кылуу бөлүмү

26 Апрель 2022 ж. 17:59

Көрүлдү: 1164

2022-жылдын 21-апрелинде И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык жана жеке сектордун өкүлдөрү катышкан «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун ийлеп чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү.

post.title

Жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Салтанат Мамбетова мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Талкуунун жыйынтыгында Ведомство аралык жумушчу топтун биринчи жыйынынын резолюциясы кабыл алынды. Документ:  

- Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган «Билим берүү жөнүндө» топтоштурулган мыйзамдын долбоорун «Билим берүүнүн максаттарына, негиз болуучу принциптерине, милдеттерине» ылайык билим берүүнүн деңгээлдери боюнча чакан жумушчу топтордо ийлеп чыгууну;

- жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун ийлеп чыгуу үчүн билим берүү деңгээлдеринде чакан жумушчу топторду түзүүнү;   

- аймактарда «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоону;

- сунуштарды эске алуу менен Ведомство аралык жумушчу топтун иштөө регламентин кабыл алууну;  

- «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун 2022-жылдын 10-майына чейин ийлеп чыгууну талап кылат.

Кайдыгер эмес жарандар жана билим берүү жаатындагы эксперттер Ведомство аралык жумушчу топ менен kgbilim2022@gmail.com электрондук почтасы же 0705983212 (WhatsApp) телефон номери аркылуу байланышса болот. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар