Көрүлдү: 1954
Иретке салуу
Иретке салуу
Республика боюнча 1497 бала бакчада 197152 бала ( 100829 эркек бала, 96323 кыз) тарбияланууда. Анын ичинен:
- 1325 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчада -186967 бала;
- 172 жеке менчик бала бакчада 10185 бала тарбияланууда.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иш-аракеттери, менчигинин түрүнө карабастан төмөнкү ченемдик-укуктук документтер менен жөнгө салынат:
- КР «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы;
- КР «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» мыйзамы;
- КР «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» Мамлекеттик билим берүү стандарты;
- Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө Типтүү жобосу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" Санитардык-эпидемииологиялык эрежелери жана ченемдери.