“Жаңы китеп” мекемеси
“Жаңы китеп” мекемеси

Көрүлдү: 1635

Биз жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Жаңы китеп” мекемеси 2018-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №341  2018-жылдын 24-июлунун токтомун ишке ашыруу иретинде түзүлгөн.

Миссиясы:    “Жаңы китеп” мекемеси Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын заманбап талаптарга жооп берген окуу китептери менен толук кандуу камсыз кылуу аркылуу билим берүү сапатын жогорулатуу үчүн түзүлгөн.

Республиканын жалпы билим берүү уюмдарын мамлекеттин билим берүү стандарттарынын учурдагы талаптарына жооп берген окуу китептери менен толук камсыз кылуу билим берүүнүн сапатын жана эффективдүүлүгүн жогорулатуунун бирден-бир шарты болуп эсептелет.

Окуу китептери азыркы учурда окуучулардын жөңдөмдөрүн жана шыктарын калыптандыруунун негизги куралы. Жалпы билим берүү уюмдарынын окуу программасына дал келген окуу китептери менен камсыздоонун денгээли түздөн-түз  окуучулардын билим алуу жетишкендиктерине таасирин тийгизет.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар