Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Сүрөт табылган жок
Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович

Министрдин орун басары

Туулган күнү: 25.09.1974

Туулган жери: Бишкек шаары

 

БИЛИМИ:

1991-1996-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультети, «Физика». Мугалим;

1996-1999-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасы.

 

ИЛИМИЙ НААМЫ ЖАНА ИЛИМИЙ ДАРАЖАСЫ:

2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы, илимий наамы: «Педагогика» адистиги боюнча профессор, ПА № 001148;

2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы, илимий даражасы: педагогика илимдеринин доктору, ID № 000839;

2006-ж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы, илимий наамы: «Педагогика» адистиги боюнча доцент, № 001017;

2002-ж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы, илимий даражасы: педагогика илимдеринин кандидаты (физика), № 001007;

 

Билген тилдери: кыргыз, орус, англис

 

ПРОФЕССИОНАЛДЫК ӨНҮГҮҮСҮ:

03.02.2020 – 03.04.2020 – Филиппин, Туруктуу мектептер үчүн глобалдык изилдөө долбоорунун окуу сапары;

26.06.2017 – 07.01.2017 – Ереван, Армения Республикасы, Окуу китептеринин айланма фондунун иши менен таанышуу сапары;

25.08.2014 28.08.2014 Ланчжоу, Кытай, Түндүк-Батыш Педагогикалык университетинин жогорку мектебинин иши менен таанышуу сапары;

01.14.2013 – 07.11.2013 Генуя университети, Италия, Эразмус Мундус Европанын докторантурадан кийинки программасы;

11.1.2011 – 31.05.2012 Лакуила университети, Италия, Эразмус Мундус Европанын докторантурадан кийинки программасы;

9-19.07.2010 – «Селигер-2010» Бүткүл россиялык жаштардын билим берүү форуму, Россия, Селигер, «Инновациялар жана техникалык чыгармачылык» сменасы;

18 – 21.02.2010 – Пуэрто-Рико, Ана Г. Mendez (San Juan) университет системасы, Метрополитан университети (Cupey), дель Турабо университети (Gurabo), Фулбрайт программасынын лектору;

2009-ж. сентябры – 2010-ж. марты – Индиана университети Саут Бенд (Индиана, АКШ), Фулбрайт программасынын стипендиаты (АКШнын Мамлекеттик департаменти);

28.06 – 13.07.2009 Өзөктүк изилдөөлөр боюнча бириккен институт (Дубна, Россия), Россиянын «Курчатов институту» улуттук борбору (Москва), «Наносистемаларды синхротрондук жана нейтрондук изилдөө» окуу курсу;

2006-ж. февраль-июну – М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, квалификацияны жогорулатуу курсу;

2005-ж. декабры – Пекин, Кытай, Кытайдын Борбордук телекорпорациясы, окуу курсу;

2004-ж. июль-августу – Измир, Түркия, Эге университети, «Түркиянын билим берүү системасы жана маданияты» окуу курсу;

2003-ж. октябрь-ноябры – Гуйян, Кытай, Гуйчжоу илимдер академиясы, «Компьютердик программалык камсыздоо» окуу курсу;

1999-ж. июль-октябры – Хайдарабад, Индия, Улуттук дасыктыруу борбору, окутуунун ыкмалары жана көндүмдөрү боюнча окуу курсу.

 

ЭМГЕК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

2022-ж. – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

2019-2022-жж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти;

2017-2019-жж. – Адам университети / Бишкек финансы-экономикалык академиясынын профессору;

2010-2017-жж. – Адам университети / Бишкек финансы-экономикалык академиясынын фундаменталдык дисциплиналар кафедрасынын башчысы;

2013-2016-жж. – Евразия университетинин профессору;

2014-2014-жж. – Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин математика, физика жана информатиканы окутуунун методикасы кафедрасынын чакырылган профессору;

2013-2014-жж. – Эл аралык Плато университетинин профессору;

2010-2011-жж. – Бишкек финансы-экономикалык академиясынын Маалыматтык технологиялар борборунун директору;

2008-2010-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Евразия инновациялык технологиялар институтунун доценти;

2008-2009-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Евразия инновациялык технологиялар институтунун менеджери;

2008-2012-жж. – Кыргыз билим берүү академиясынын улук илимий кызматкери;

2007-2008-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар институтунун доценти;

2005-2007-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтунун компьютердик технологиялар кафедрасынын деканы;

2004-2009-жж. – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын табигый илимдер жана маалымат укугу кафедрасынын доценти;

2003-2005-жж. Кыргыз-Түрк кыздар кесиптик лицейинин информатика мугалими;

2002-2005-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтунун табият таануу бөлүмүнүн башчысы;

2000-2002-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтунун компьютердик технологиялар кафедрасынын окутуучусу;

1995-2002-жж. – Бишкек шаарындагы 47 орто мектептин физика, астрономия жана информатика мугалими;

1993-1994-жж. – Бишкек шаарындагы 28 орто мектептин физика мугалими.

 

ДОЛБООРЛОРДОГУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

2017-2018-жж. – Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын чыңдоо» долбоорунун (Азия өнүктүрүү банкы) окуу китептерин башкаруу боюнча координатору;

2016-2017-жж. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын чыңдоо» долбоорунун (Азия өнүктүрүү банкы) окуу китептерин башкаруу боюнча адиси;

2013-2022-жж. Ж. Баласагын атындагы КУУнун Фундаменталдык илимдер институтунун изилдөөчүсү;

2012-ж. «Афганистан үчүн баштапкы кесиптик программа: Орто билим берүүнү кесипкөйлүккө айландыруу» долбоору боюнча эл аралык эксперт-изилдөөчү;

2011-ж. – Борбордук Азиядагы билим берүү системасын реформалоо боюнча изилдөөчү;

2011-ж. – Улуттук маалыматтык технологиялар борбору Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен өткөргөн «Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө жаңы муундун билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу» семинарынын координатору;

2007-2010-жж. – Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу пландарын жана окуу материалдарын түзүү» долбоорунун (Азия өнүктүрүү банкы) маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар боюнча улуттук консультанты;

2009-2011-жж. – ЮСАИДде изилдөөчү;

2006-ж. ноябры – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы уюштурган «Жаш мугалимдер университетинде окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонуу» тренингинде тренер;

2006-ж. январы – Ж. Баласагын атындагы КУУ уюштурган «Жаш мугалимдер университетинде окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонуу» тренингинде тренер.

 

ЖУМУШЧУ ТОПТОРДОГУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

2019-ж. – Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын (2021-2030) жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи үч жылдык иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча «Мектептик билим берүү» жумушчу тобунун мүчөсү;

2020-ж. – Программанын алкагында (Санариптик педагогика) мыкты видеосабакка республикалык сынакты өткөрүү боюнча эксперттик топтун мүчөсү;

2019-ж. – Электрондук окуу китептеринин стандартын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

2019-ж. – «Санариптик Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун мүчөсү;

2020-ж. – «Куррикулум жана STEM» боюнча жумушчу топтун мүчөсү.

 

КОМИССИЯЛАРДАГЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

2018-ж. бери – Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын педагогика боюнча эксперттик комиссиянын төрагасынын орун басары;

2018-ж. бери – Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын антиплагиат боюнча эксперттик кеңешинин мүчөсү;

2017-2018-жж. – Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоо боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын төрагасы;

2013-2018-жж.Кандидаттык (доктордук) диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештердин (физика, математика, информатика боюнча) мүчөсү;

2011-2012-жж.Информатика боюнча Чүй облустук олимпиадасы, комиссиянын төрагасы;

2010-2011-жж. – Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоо боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын төрагасы;

2009-ж. Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназиянын аттестациялык комиссиясынын мүчөсү;

2006-2008-жж. Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрүн аттестациялоо боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиясы, комиссиянын төрагасы;

2011-ж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту, Бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоо боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары;

2008-ж. – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кирүү экзамендерин текшерүү комиссиясынын мүчөсү.

 

УЮМДАРДАГЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

2018-ж. бери – Кыргыз информатика ассоциациясынын төрагасы;

2015-ж. бери – Ачык билим берүү коалициясынын Коалициялык кеңешинин мүчөсү;

2012-ж. бери – Фулбрайт-Кыргызстан Ассоциациясынын мүчөсү;

2012-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү өнүктүрүү боюнча коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү;

2008-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Жаш окумуштуулар кеңешинин жетекчиси;

2007-2010-жж. – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Жаш окумуштуулар кеңешинин жетекчиси;

2006-2007-жж. – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Жаш окумуштуулар кеңешинин жетекчисинин орун басары.

 

СЫЙЛЫКТАРЫ:

2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Илимдин мыктысы» төш белгиси;

2015-ж. – Европа илимий-өндүрүштүк консорциумунун Михаил Ломоносов медалы;

2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси;

2008-ж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы;

2007-ж. – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Ардак грамотасы;

2005-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Алтын диплому;

2003-ж. – Кыргыз Республикасынын Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы;

1999-ж. – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Диплому.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар