Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2019-2020
Билим Берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору (ББСБжМТУБ) жалпы билим берүү уюмдарындагы предметтик комиссияларга (ПКга) ЖМАны дистанттык негизде өткөрүүнүн альтернативалык форматын сунуштайт.
Предметтик комиссиялар ЖМАны өткөрүүнүн форматын ѳз алдынча, көз карандысыз тандашат. Сунушталып жаткан форматта ѳткѳрүүнү ыктыярдуу мүнөздѳ, эркин тандашат, милдеттүү эмес!
Предметтер боюнча тесттер предметке жараша төрт форматтагы тапшырмалардан турат:
- жабык формадагы тест тапшырмалары (бир туура жоопту тандоо);
- дал келүүлөрдү аныктай турган тест тапшырмалары – бул сол жакта берилген ар бир элементке оң тарапта берилген элементтердин ичинен дал келгенин табуу. Дал келүү – 1:1 принцибинде жүргүзүлөт (б.а. дал келген эки элементти туташтыруу);
- ырааты менен жайгаштырууга тест тапшырмалары – тапшырмада берилген сөздөрдү, түшүнүктөрдү, окуяларды алардын маанисине карата ырааты менен туура жайгаштыруу керек;
- кыска жооптуу ачык формадагы тест тапшырмалары – окуучу тапшырманы өз алдынча аткарып, жообун өзү аныктайт (корутунду, чыгаруу, чечим ж.б.). Ачык формадагы тест тапшырмалар бир, же бир нече негизги элеметтери жок, же толук эмес ырастоо түрүндө болушу мүмкүн (сан, тамга, сөз же сөз айкашы).
Тест тапшырмалардын формасы жана саны, тесттин материалдары ар бир сабакка, окутуу тилине жана багытына жараша тесттин спецификациянын негизинде аныкталат.
ЖМАны өткөрүү үчүн тест тапшырмалары, нускамалары жана баалоо критерийлери милдеттүү төрт предмет боюнча сунушталат:
- XI класстар үчүн: эне тили жана адабияты (кыргыз, орус, өзбек жана тажик), математика (алгебра), тарых, кыргыз тили окутуу орус, өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн жана орус тили окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн;
- IX класстар үчүн: эне тили (кыргыз, орус, өзбек жана тажик), математика (алгебра), тарых, кыргыз тили окутуу орус, өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн жана орус тили окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн;
ЖМАга даярдануу жана өткөрүү боюнча ББСБжМТУБ тарабынан даярдалган бардык материалдар министрликтин сайтына (https://oku.edu.gov.kg/ru/testy/.) жайгаштырылат.
Тесттик иштерди баалоо сунушталган туура жооптордун коддору жана баалоо критерийлеринин негизинде мектептердеги предметтик комиссиялар (ПК) тарабынан жүргүзүлөт жана беш баллдык баалоо системасына которулуп берилет.
ББСБжМТУБ тестти уюштуруу жана өткөрүү иштери боюнча мугалимдер, мектеп администрациялары менен учурдагы байланыш каналдары аркылуу, аймактар менен онлайн байланыштарды уюштуруу менен тыгыз иш алып барат. Тесттик тапшырмалардын туура жооптору жана баалоо критерийлери 2020-жылдын 25-майында кѳрсѳтүлгѳн сайтка жайгаштырылат.
Тест жүргүзүү боюнча бардык суроолор боюнча тѳмѳнкү номерлерге кайрылыңыздар:
Шамшидинова Бактыгуль Сабыржановна –директор, ББСБ МТУБ
+996 551 157378, +996 500 157378.
Мыкыева Мира Расабековна – адис, ББСБ МТУБ
+996 553 230750, +996 500 551116
Жүктөп алуу:
- ИСТОРИЯ_9 класс.pdf
- ИСТОРИЯ_11 класс.pdf
- КЫРГЫЗ_ТИЛИ_ (окутуу башка тилде жүргүзүлгөн мектептер үчүн) 9 класс_ЖМА.pdf
- КЫРГЫЗ_ТИЛИ_ (окутуу башка тилде жүргүзүлгөн мектептер үчүн) 11 класс_ЖМА.pdf
- РУССКИЙ ЯЗЫК _для_школ_с_русским_языком_9 класс.pdf
- РУССКИЙ ЯЗЫК И ЛИТЕРАТУРА для_школ_с_русским_языком_11 класс.pdf
- РУССКИЙ_ЯЗЫК_для школ с кыргызским языком обучения_ 9 класс.pdf
- РУССКИЙ_ЯЗЫК_для школ с кыргызским языком обучения_ 11 класс.pdf
- 9кл_математика.pdf
- 11кл_математика.pdf
- КЫРГЫЗ_ТИЛИ_ЖАНА_АДАБИЯТЫ_(окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн)_9_класс.pdf
- КЫРГЫЗ_ТИЛИ_ЖАНА_АДАБИЯТЫ_(окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн)_11_класс.pdf
- Тестҳо аз фанни забони тоҷикӣ барои синфҳои 9.pdf
- Тестҳо аз фанни забони тоӌикӣ барои синфҳои 11.pdf
- ИГА_ЎЗБЕК ТИЛИ 9 СИНФ.pdf
- ИГА_ЎЗБЕК АДАБИЁТИ 11 СИНФ.pdf