Дистанттык окутууну уюштургандарга ыраазычылык баракчалары берилди

10.06.2020

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков телесабактарды уюштуруудагы көрсөткөн көмөгү жана кесиптик жогорку чеберчилиги үчүн “Билим жана Илим”, “Ынтымак” телеканалдарынын кызматкерлерине жана Ош шаарындагы мектеп мугалимдерине ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Исаков Кыргызстандагы өзгөчө абалга карабастан, Билим берүү жана илим министрлигине жардам колун сунуп, телесабактарды тартып, эфирге берген кызматкерлерге ыракмат айтуу менен жалпы жамааттын иштерине ийгиликтерди каалады.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 4-чейрек сабактары аралыктан өттү. Телесабактарды тартып, эфирге берүүгө “Билим жана илим”, “Баластан”, “Пирамида”, “Санат”, “5-канал” жана “Ынтымак” телеканалдары көмөктөштү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы