VIII Эл аралык “Улуу Химиянын келечеги” олимпиадасы

16.02.2021

Казан Улуттук изилдөө технологиялык университети (КУИТУ) кыргызстандык абитуриенттерди VIII Эл аралык “Улуу Химиянын келечеги” олимпиадасына катышууга чакырат.

Кызыккан талапкерлерге 2021-жылдын 25-февралына чейин анкета толтуруп, olimpiadaknitu2021@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүү сунушталат.

Толук маалыматты алыш үчүн университет менен түздөн-түз  institutesr@mail.ru электрондук дарегине жазып, же 8 (843) 231-41-61 телефон номерине чалып байланышсаңыздар болот.

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы