Билим берүү тармагын бюджеттик каржылоо программасынын биринчи траншынын аткарылышынын индикаторлору талкууланды

14.10.2019

Билим берүү жана илим министрлигинде Европа биримдигинин баалоо миссиясынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча байкоочу кеңештин жыйыны болуп өттү. Мында өкмөттүн 2019-жылдын 5-июлунда чыгарган буйругунун негизинде билим берүү тармагын бюджеттик каржылоо программасынын биринчи траншынын аткарылышынын индикаторлору талкууланды.

Байкоочу кеңештин жыйынына Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын, Каржы министрлигинин, Евбропа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңеши, министрликтин жооптуу кызматкерлери катышты. 

Байкоочу кеңеште Европа биримдигинин баалоо миссиясынын өкүлдөрү каржылык колдоо программасынын индикаторлорунун аткарулуусу жана билим берүү тармагындагы реформанын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Программанын жыйынтыктары боюнча отчет Европа биримдигинин Брюсселдеги баш кеңсесине биринчи траншты которуу үчүн чечим чыгарууга жөнөтүлөт. 2019-2021-жылдары билим берүү тармагын реформалоого берилчү гранттык каражаттын суммасы – 35,7 млн еврону түзөт.