КР Билим берүү жана илим министрлигинде Алтай ЖОЖдорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

17.04.2019

Басма-сөз кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн 17-апрелде КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков менен Алтай Өкмөтүнүн төрагасы Александр Лукьяновдун жолугушуусу болуп өттү.

Ошондой эле жолугушууга Алтай мамлекеттик университетинин жана Алтай мамлекеттик педагогикалык университетинин өкүлдөрү да катышышты.

Тараптар түрк элдеринин тарыхий-маданий мурастарын жана алтайтаанууну изилдөө, орус тилин үйрөнүү, ошондой эле жаштар программаларын кеңейтүү жааттарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.