Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленет

24.04.2019

КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана КР Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган «Окурман бала – өнүккөн Кыргызстан» аттуу жумалыгын өткөрүүдө.

Китеп жумалыгынын алкагында өлкөнүн китепканаларында жана мектептеринде ар кандай концерттер, конкурстар, театр оюндары жана китеп окуу боюнча кызыктуу оюн-зооктор өткөрүлөт. Республика боюнча «Америка борборлору» жаштардын технология, инжинерия, көркөм өнөр жана математика илимдерине болгон кызыгуусун жогорулатуу максатында STEAM кербенин өткөрүшөт.  

Китеп жумалыгынын негизги максаты – Кыргызстанда, өзгөчө балдар жана жаштардын арасында, окуу маданиятын көтөрүү жана китеп авторлорунун, басма үйлөрүнүн, мугалимдердин жана башкалардын өлкөбүздүн коомдук жана маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын белгилөө.    

30-апрелде саат 10:00дө, Бишкек шаарындагы Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексинин алдында жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк китеп күнү белгиленет.  Майрамдын катышуучулары театр оюндарына, ар кандай конкурстарга, мелдештерге, оригами жана сүрөт тартуу мастер-класстарына катыша алышат, китеп сатып алууга жана ошондой эле робототехника жөнүндө кызыктуу маалыматтарга ээ болушат.

Майрамдын расмий коноктору болуп КР КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын жетекчилиги, КР Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын жана Улуттук жазуучулар союзунун өкүлдөрү күтүлүүдө.                                                                                                                                                                                                     

Эл аралык китеп күнү катары да белгилүү болгон Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү ЮНЕСКОнун Генералдык Конференциясында 1995-жылы бекитилген жана жыл сайын 23-апрелде китепке, авторлорго, иллюстраторлорго жана окурмандарга урматтоо көрсөтүү максатында белгиленип келет.