В Бишкеке прошел финальный тур конкурса школьных поваров

20.11.2020

Күнү, убактысы: 20.11.2020, 10:30
Сынакты онлайн режимде көрүү шилтемеси: https://youtu.be/ZZdsA2wFj0o

20-ноябрда Кыргызстандын бардык аймактарынан келген мектеп ашпозчулары арасында сынак болуп өттү. Сынакты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана Тамак-аш өнөр жай институту уюштурду.

Ашпозчулардын сынагы 2019 жылдын ноябрь айында жарыяланып, бир нече этапта өткөрүлдү. 20-ноябрда, финалда, бардык коопсуздук чараларын эске алуу менен эң мыкты деп табылган беш оригиналдуу рецепттин авторлору “2020-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу” наамы үчүн ат салышты.

Бул сыяктуу конкурстар мектеп ашпозчуларынын эмгегин белгилөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Ашпозчуларга мектептеги менюну түзүүдө, даярдоодо жана тейлөөдө өз чеберчилигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет жана кесиптик өсүшүнө алып барат.

"Дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектептеги тамак-ашка инвестициялоо менен, окуучулардын мектептеги натыйжаларын жакшыртууга көмөктөшөт. Мектептердеги ысык түшкү тамактын артында чоң эмгек турат - эксперттердин билими жана тажрыйбасы, ата-энелердин катышуусу, өкмөттүн жетекчилиги жана албетте, ашпозчулардын баа жеткис эмгеги. Алар балдарга ден-соолукка пайдалуу жана даамдуу тамактарды берүү үчүн чыгармачылык менен бардык жөндөмдөрүн жумшап, жүрөктөн чыккан жылуу мамиле кылышат”, - деди БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директору Андреа Баньоли.

Ал эми Билим берүү министрлигинин өкүлү: «Мектептеги ысык жана аш болумдуу тамак-аштын жардамы менен сабакка катышуу көбөйүүдө. Ошондой эле класста балдардын жаңы билимге болгон кызыгуусун байкаса болот. Ашпозчуларга терең ыразычылык", - деди.

Ашпозчулардын конкурсу ошондой эле улуттук Мектеп тамак-аш программасынын маанилүү аспектиси болуп саналат. Программанын алкагында өлкөнүн 700дөн ашуун мектептеринде башталгыч класстын 200 000ге жакын окуучусу сапаттуу жана аш болумдуу ысык тамак менен камсыз кылынат.

2013-жылдан бери БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын коомдук жана өнөр-жай институту менен биргеликте, Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн мектептеринде тамактанууну жакшыртуу программасын ишке ашырып келет. Кыргыз Республикасында мектептеги тамак-аш жакшыртуу боюнча программа жергиликтүү жана республикалык бийлик органдарынан, коомчулуктан жана донорлордон кеңири колдоого ээ болгон. 2022-жылга чейин БУУ ДАТП жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мектептеги тамактануу боюнча мыйзамдын кабыл алуусу менен ысык түшкү тамактанууну бардык мектептерде киргизгенге аракет кылууда.

 

КР БИМдин басма сөз кызматы