Мектептерде окуу жылы 30-майда аяктайт

11.05.2020

Жалпы билим берүү уюмдары март айында каникулга эрте чыккандыгына, май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт.
Эске салсак, төртүнчү чейрек мектептерде аралыктан окутулду. 5-6-7-8- жана 10-класстар үчүн быйыл көчүрүү сынактары болбойт. 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик аттестациядан өтүү форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.
Ал эми ЖРТ 20-25-июнда мурдагыдай эле форматта өтөт. Азыр каттоо жүрүүдө.
 
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы⠀