Министрликтин кызматкерлери Баткендеги окуяларда жабыркагандарга жардам иретинде бир күндүк маянасын которушат

30.04.2021

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Баткен облусунун чек ара аймактарында болуп өткөн соңку окуяларда жабыркаган жарандарга жардам иретинде бир күндүк маянасын которушат. Мындай чечим министрликтин профсоюздук комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Жыйында бардык мүчөлөр жогорудагы демилгени колдоп, түзүлгөн кырдаалда кыргыз эли бир жакадан баш чыгарып, бири-биринен жардамын аябай, ынтымакты сакташы маанилүү экенин баса белгилешти.

КР БИМдин басма сөз кызматы