Министрликтин кызматкери Өкмөттүн Аппаратынын Ардак грамотасы менен сыйланды

04.05.2021

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул сыйлыкка ал кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, кызматтык иште жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн татыктуу болду. Ага Ардак грамотаны министр Алмазбек Бейшеналиев тапшырды.

КР БИМдин басма сөз кызматы