Кыргызстандык окуучулар геометрия боюнча Иран олимпиадасында эки медаль алышты

15.10.2019

Кыргызстандык 78 окуучу (7-11-класстар) геометрия сабагы боюнча Ирандын 6-дистанттык олимпиадасына катышты.

Олимпиадада Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин окуучусу Барчынбек уулу Сыймык коло, Ош шаарынын “Сема” лицейинин окуучу Адиль Абдирасулов күмүш медалды жеңиш алышты. Эки окуучу тең 11-класстар үчүн олимпиаданын татаал вариантынан өтүшкөн.

“Келечек”, “Газпром”, “Сапаттын” жана Бишкектеги №61 мектептин 7-8-класстарынын окуучулары жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып, 4-даражадагы грамоталарды алышты.

Геометрия боюнча Иран олимпиадасы 6-жолу өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 мамлекетинен 6200 окуучу катышкан.

Олимпиаданын 50 тапшырмасы Россия, Польша, Улуу Британия, Вьетнам, Голландия, Македония, Косово жана Ирландиядагы авторлор тарабынан даярдалган.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.