Мектептен тышкаркы уюмдардын жетекчилери онлайн жыйынга чогулушту

09.09.2020

Кыргызстандагы 90дон ашык мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекилеринин кеңейтилген онлайн жыйыны болуп өттү.

Онлайн жолугушууда кошумча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу пландары, идеялар жана жаңы долбоорлор талкууланды. Катышуучулар балдардын өз идеяларын үстүнөн иштөөгө болгон кызыгуусун кантип сактап калуу керектиги жана дистанттык окутуу учурунда кандай креативдүү ыкмалар окуучуларга ийгилик алып келе турганын айтышты.

Жыйын “Балажан” республикалык балдар борборунун онлайн-платформасында бөлүп өттү.