«Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу». Мерсико программасынын жетишкендиктери боюнча маалымат берилди

16.09.2020

Мерсико Кыргызстан  15-сентябрда   бенефициар, өнөктөш жана кызыктар тараптартардын катышуусу менен онлайн жолугушуусун өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Мерсико 2017-2021 жылдар аралыгында ишке ашырып жаткан «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасынын жетишкендиктери боюнча маалымат берди.

Жолугуунун максаты – программанын орто мөөнөттүк баалосунун  жыйынтыктары, Сабатуулукту алдыга жылдыруу компонентинин жүрүшү, жана программа ишин жыйынтыктап жаткан  154  мектеп боюнча маалымат берүү. Катышуучулар жасалган иш боюнча ой пикирлерин  айтып, мектептеги тамактанууну уюштуруунун туруктуулугун камсыздоо боюнча сунуштарын  беришти.

Жолугушуу Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министирлигинин, жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү, регионалдык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, мектеп администрациялары жана   жамааттары, өнөктөш эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Мерсико 2012-жылдан баштап балдар бакчаларында жана башталгыч мектептеринде 17  миллион порциядан  ашуун   ысык тамак аш даярдоо үчүн 2000 тоннадан ашык  азык түлүктөр (байытылган ун, күрүч, буурчак жана өсүмдүк майы) менен камсыздады. Учурдагы программа өлкөнүн 440 орто мектебине кызмат көрсөтүүдө.

Мерсико бул эл аралык гуманитардык коммерциялык эмес уюм. Ал  25 жылдан бери КР коомчулугуна гуманитардык жардам жана өнүгүү кызматтарын көрсөтүп келет. Мерсиконун ишмердүүлүгү билим берүү чөйрөсүн жакшыртууну, мектепте жана үйдө туура тамактануу аркылуу, мектеп окуучуларынын сабаттуулук деңгээлин жогорулатууну,  мектептин инфраструктурасы жакшыртууну жана мектептерде туруктуу тамактануу программаларына жетишүүнү көздөйт. Мерсико  105 000ден ашуун башталгыч класстардын окуучуларын мектептерде ысык тамак менен камсыздады.