Мектепке электрондук каттоо уланууда

19.02.2021

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя жана Токмок шаарларынын мектептерине 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу уланууда.

Акыркы маалыматтар боюнча келип түшкөн арыздардын жалпы саны - 7157. Шаарларга бөлгөндө:

  • Бишкек – 6350;
  • Ош – 150;
  • Кара-Балта – 122;
  • Токмок – 96;
  • Кызыл-Кыя – 272;
  • Жалал-Абад – 167.

Техникалык колдоо көрсөтүү кызматы: (иш күндөрү: дүйшөмбү-жума, иш сааттары 9:00-18:00. Тыныгуу сааты: 12:00-13:00)

0312 88 71 99
0500 88 71 99
0222 88 71 99
0990 88 71 99

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы