КБАнын президенти Назира Дюшеева Чүй жетим балдар мектеп-интернатына балдар китептери салынган саякат баштыкчасын тапшырды

23.04.2021

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн Чүй жетим балдар үчүн мектеп-интернатында да белгилешти. Иш-чарага 50дөн ашуун бала катышты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева интернатка балдар китептери салынган саякат баштыкчасын тапшырды, ошондой эле балдарга өзүнүн бала чагындагы алгачкы сүйүктүү китептерин көрсөттү. Ал балдарга достук, сылыктык, өз ара жардамдашуу жөнүндөгү тамсилдерди жана балдардын инсандар аралык өз ара мамилелериндеги жана алакаларындагы башкы лейтмотив болуп кала турган «суранам» (пожалуйста) сыйкырдуу сөзү тууралуу аңгемени окуп берди. Андан соң балдарга суроолор берилип, 3 тилде талкуу жүргүзүлдү. Талкуунун жүрүшүндө балдар китеп окуу сабаттуулугу жаатындагы өз көндүмдөрүн, билимдерин жана жөндөмдөрүн көрсөтүштү.  

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата интернаттын администрациясы тарабынан алдын ала иш-чаралар, интернаттын эң жигердүү окурманына сынак уюштурулган. Анын жыйынтыгында өткөн жылдын сентябрь айынан бери 80 китеп окуган Юнусов Абду-Расул менен Гайворонская Стелла эң мыкты окурман наамына татыктуу болушкан. Иш-чаранын соңунда балдар грамоталар менен сыйланып, келечекте ийгиликтерди жаратууга дем-шык алышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата «Балдарга окуп беребиз» акциясын баштаган.

«Балдарга окуп беребиз» акциясынын максаты балдар арасында көркөм адабиятты даңазалоо жана анын жигердүү окулушун колдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана бышыктоо болуп саналат.

Акциянын алкагында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен балдарга балдар адабияты салынган баштыкчалар жана 400гө жакын аталыштагы балдар адабияты тапшырылат.

КР БИМдин басма сөз кызматы