Назарбаев университетинин өкүлдөрү жогорку билим берүүнү реформалоонун актуалдуу суроолору боюнча семинар өттү

18.10.2019

Назарбаев университетинин деканы Аида Сагинтаева трансформация доорундагы жогорку окуу жайлардын миссиясы кандай болушу керектиги жөнүндө семинар өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында өткөн иш-чарага Кыргызстандагы 30дан ашун университеттердин проректорлору катышты.

Аида Сагинтаева санариптик трансформация доорунда университеттер үчүн жаралчү көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору, окуу жайлардын социалдык жоопкерчилигинин өзгөрүшү жана ЖОЖду башкаруу менеджменти тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Семинарга конок катары келген Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов кесиптештери менен пикир алышып, суроолоруна жооп берди.

Аида Сагинтаева Назарбаев университетинин жогорку мектебинин деканы. Казакстандын жогорку билим берүү системасын европалык үч баскычтуу системага өткөрүү боюнча билим берүүчү жана илимий-изилдөөчү долбоорлорго катышкан. Жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруу, билим берүү саясаты жана жогорку билим берүүнү башкаруу боюнча реформаларга катышкан.