“Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” онлайн-фестивалынын жобосу

30.04.2020

Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдигин даңктайбыз!” аттуу онлайн – фестивалынын

ЖОБОСУ

Уюштуруучу:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

Аткаруучу:

“Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору.

 

        Фестивалдын максаты:

· Улуу Ата Мекендик согушта Жеңишке салым кошкон аталарыбыздын жана энелерибиздин эрдиктерин даңктоо, ардагерлерге, улуу муунга карата сый-урматты, сыймыкты калыптандыруу;

· Окуучулардын мекенчилдик жана атуулдук сезимин өнүктүрүү;

· Элдердин достугун, ынтымагын, биримдигин бекемдөө, окуучулардын интернационалдык тарбиясын жакшыртуу;

· Балдардын Мекенге болгон сүйүүсүн ойготуу, нравалык баалуулуктарга тарбиялоо;

· Таалим-тарбия процессин жакшыртуу, жарандардын Мекен алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу;

· Окуучуларды гумандуулукка үйрөтүү. Чыгармачылык изденүүлөрүн, ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү;

· “Ырыс алды - ынтымак” философиясын бекемдөө, муундар ортосундагы байланышты чыңдоо.

  1. Фестивалга республикабыздын балдар бакчаларындагы, мектептердеги бардык таланттуу окуучулар катыша алышат.
  2. Фестиваль 27-апрелден 10-майга чейинки аралыкта өткөрүлөт.
  3. Фестивалдын программасына төмөнкүлөр кирет:
  • Жеңиш, тынчтык, ынтымак, эрдик жөнүндөгү ырларды көркөм окуу
  • (2 мүнөткө чейин);
  • Согуш мезгилиндеги элдин духун көтөргөн обондуу ырларды жандуу музыкалык коштоо же минус фонограммасынын коштоосунда аткаруу (3 мүнөткө чейин);
  • Согуштагы жана тылдагы чоң ата, чоң энелерибиздин эрдигин жана эмгегин чагылдырган чыгармалардан монологдорду, диалогдорду аткаруу (3 мүнөткө чейин);
  • Окуучулар арасында онлайн режиминде “ӨЛБӨС ПОЛК” эстафетасын өткөрүү. (Ар бир окуучу өзүнүн чоң ата, чоң энесинин сүрөтүн көрсөтүп, эрдигин айтып берүү) (2 мүнөткө чейин);
  • Согуш мезгилиндеги мугалимдердин түйшүгүн, мээнетин көрсөтүү (Көркөм чыгармалардын негизинде, 2 мүнөткө чейин)
  • Согуш, Жеңиш, тынчтык темасындагы видео-роликтерди (2 мүнөткө чейин) жана сүрөттөрдү тартуу;

Эскертүү: Ар бир окуучу программа боюнча өзүнүн чыгармачылык изденүүсүн, фантазиясын эркин чагылдырса болот. Эң башкысы коомго позитивдүү дух берүү керек.

 “ӨЛБӨС ПОЛК” эстафетасындагы окуучулардын өзүнүн чоң ата, чоң энесинин сүрөтүн көрсөтүп, мугалимдердин эрдигин эмгегин айтып берүүсү жана согуш, жеңиш, тынчтык темасындагы видео-роликтер атайын сынакта бааланбайт, алардын топтому видеоколлаж, фотомонтаж  түрүндө бардык социалдык тармактарга жайгаштырылат.

 

4. Видеожазмаларды кабыл алуу жана жайгаштыруу 27-апрелден 8-майга чейин жүргүзүлөт. Жыйынтыгы онлайн тартибинде 10 – майда чыгарылат. Видеого катышуучунун аты-жөнүн, жашын, чыгарманын авторун жана аталышын ачык- так айтуу зарыл (бул талапты аткарбаган катышуучу калыстар тобу тарабынан каралбайт). 

Көркөм окуу жазылган видеолор (монолог, диалог), +996 550477407 кыргыз тилинде, What's Аpp +996 772 66 28 97 мессенджери боюнча орус тилинде), обондуу ырлардын видеолорун What's Аpp +996 772 176 831 мессенджери боюнча же e-mail: balajan@mail.ru почтасына ,  ал эми согуш, жеңиш, тынчтык темасындагы видео-роликтер  What's Аpp (+996 559176622 мессенджерине же balajan@mail.ru почтасына 2020-жылдын 8-майына чейин кабыл алынат.

5. Жыйынтыгы 7 -10 жаш; 11 - 14 жаш;  15 – 17 жаш курактык категорияда төмөнкү критерийлер менен бааланат:

Обондуу ыр: аткаруу чеберчилиги жана техникасы, диапазон, татаалдык денгээли, оригиналдуулук, репертуардын баланын жаш курагына жана  аткаруу мүмкүнчүлүгүнө   туура келиши,  ритмди сезүү, сахналык чеберчилик, чыгарманы образдуу аткаруу.

Көркөм окуу: сөздөрдү ачык, так айтуу, кептин ритминин жана темпинин тууралыгы, кепти такттарга бөлүү,  паузация, логикалык басым, интонация, үндүн ачыктыгы, образды ачып берүү.

6. Катышуучуларын аткаруучулук чеберчилигин искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин адистери, искусство жана коомдук ишмерлерден түзүлгөн  компетенттүү калыстар тобу баалайт.

7. Онлайн фестивалга катышкан өзгөчөлөнгөн окуучуларга баалуу сыйлыктар, дипломдор жана грамоталар ыйгарылат.

8. Видео материалдар, тексттер ФЕЙСБУК, ИНСТАГРАММ баракчаларына #АТАЛАРДЫН_ЭРДИКТЕРИН_ДАНКТАЙБЫЗ деген хэштег менен жайгаштырылат.