Орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери үчүн каникул учурундагы коопсуздук чаралары тууралуу эскертме

19.03.2020

Студенттердин ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн төмөнкү күнүмдүк-профилактикалык аракеттерди сактоо сунушталат:

  • эгерде ооруп калсаңыз, үйдө калыңыз;
  • дем алуу жолдорунун гигиенасын сактаңыз: кол менен бетти, көздү, оозду жана мурунду кармалагандан алыс болуп, материалга же чыканактын бүгүлгөн жерине жөтөлүү жана чүчкүрүү керек;
  • жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду кагаз бетаарчы же чыканактын бүгүлгөн жери менен жабыңыз. Бир жолу колдонулган кагаз бетаарчыны ыргытуу зарыл;
  • тез-тез колду самындап жууп туруңуз. Эгерде самын же суу жеткиликтүү болбосо, анда спирт камтыган (спирттин өлчөмү 60%дан кем эмес) дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуңуз;
  • коопсуздук чөйрөнү камсыз кылуу үчүн системалык негизде профилактикалык иш-чараларды өткөрүңүз: көп кармалануучу жерлерди жана буюмдарды дезинфекциялап туруңуз, нымдуу тазалоо ишин жүргүзүңүз жана жайларды желдетип туруңуз;
  • тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин сактаңыз: термикалык иштетилген тамак-ашты, жуулган жер-жемиштерди жана жашылчаларды колдонуңуз, идиш-аяк, ашкана буюмдары, тамак же суусундуктар жана башкалар менен бөлүшбөңүз; эл массалык топтолгон жерлерде же коомдук жайларда тамактануудан алыс болуңуз;
  • эл массалык топтолгон жерлерде же коомдук жайларга барууну токтотуңуз (театрларга, кинотеатрларга, соода жана оюн-зоок борборлоруна, спорттук жайларга, компьютер клубдарына, түнкү кулубдарга, дискотекаларга ж.б.);
  • коомдук транспорттордо жүрүүнү кыскартыңыз;
  • коомдук тамактануучу жайларга барбаңыз (ресторан, кафе ж.б.);
  • кошумча билим берүүчү сабактарына (ар түрдүү билим берүү курстарга, спорттук секцияларга, бий студияларына ж.б.) барбаңыз;
  • жаныбарлар менен байланышууда коопсуздук эрежелерин сактаңыз.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы