Жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын ата-энелери үчүн каникул мезгилиндеги коопсуздук чаралары боюнча эскерткич

18.03.2020

Балдардын жана жаштардын  ден соолугунун коопсуздугун сактоо максатында, окуучулардын ата-энелерине Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • балдарга өрт коопсуздугу боюнча эрежелер тууралуу  (электр приборлорун жана башка турмуш-тиричилик техникаларын колдонууну) түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  •  эл көп топтолгон жерлерге (театрлар, кинотеатрлар, оюн-зоок жана соода борборлору)  балдардын баруусуна тыюу салуу;
  • балдардын коомдук  транспорттор менен жүрүүсүн  чектөө;
  • коомдук тамактануучу (ресторан, кафе ж.б.) оюн-зоок жана бош убакытты өткөрүүчү (компьютердик клубдар ж.б.) жайларга барууга тыюу салуу;
  • кошумча билим берүүчү сабактарга (ар кандай билим берүүчү курстар, спорттук секциялар, бий студиялары ж.б.) балдардын баруусун чектөө;
  • убакытты туура бөлүштүрүүгө, ошондой эле балдардын гаджеттер (уюлдук телефон, компьютер ж.б.) менен убакыт өткөрүүсүнө үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү;
  • балдардын өнүгүүсү  жана өз алдынча билим алуусу үчүн билим берүү жана көркөм  адабий китептерди окуусун,  билим берүүчү телесабактарды  көрүүсүн уюштуруу;
  • балдар үчүн ден-соолукту жакшыртуучу иш-чараларды өткөрүү (витаминдештирүү ж.б.), ошондой эле тамак-аш коопсуздугун сактоо жана үй жаныбарлары менен өзүн  алып жүрүү эрежелери боюнча маалымат берүү;
  •  коопсуз чөйрөнү камсыздоого багытталган алдын алуу чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүү: идиш-аяктарды сөзсүз жууп-тазалоо жана бөлмөлөрдү вирустуу инфекцияларга каршы эффективдүү дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу менен тазалоо;
  • күн сайын  балдар менен  респиратордук/ вирустуу оорудан сактануунун чаралары жөнүндө аңгемелешүүлөрдү  жүргүзүү: колду бат-баттан жуу, коомдук транспортко түшкөндөн кийин, коомдук жерлерден (дүкөн, аптека ж.б.) келгенден кийин дезинфекциялоочу каражаттарды  пайдалануу (суу майлыктар, антисептиктер ж.б.);
  • балдарга кайнатылып бышырылган тамактарды жана  жуулган жер - жемиштерди пайдалануу тууралуу маалымат берүү, массалык эл көп топтолгон жерлерде, коомдук жайларда тамактанууга чектөө салуу.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы