Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду

21.11.2019

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.М. Зиябекова Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 20-ноябрындагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик, жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 47-беренесине ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №13 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын ортосунда мушташуу катталган.

Жетекчи окуучулар арасында тиешелүү тарбиялык иштерди жүргүзгөн эмес. Зиябекованын буга чейин да жоюлбаган тартиптик жазасы бар, ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди бир нече жолу аткарбагандыгы эске алынды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы