Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду

22.11.2019

Качкынбек Эмилбеков өз каалоосу менен берген арызынын негизинде Чүй облусунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Жаңы жетекчини дайындоо үчүн конкурс өткөрүлгөнгө чейин Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сабира Молдалиевага убактылуу милдетин аткаруу жүктөлдү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.