КРнын ББИМ А. Исманкулов клиникасынын түштүк кореялык «Медисон Ко Лтд» компаниясына каражатты кайтарбай койгону боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылды

23.09.2019

Белгилей кетсек, Корея мамлекетинин премьер-министри Ли Нак Ен июль айында Кыргызстанга жасаган расмий сапарында кореялык инвесторлорго болгон карыз маселесин көтөргөн.

Бул маселе инвестициялык климатка кедергисин тийгизип, өлкөнүн беделен түшүрүп жатат.

Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлиги маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн тиешелүү соттук процесстерди башталышын демилгеледи.

Маселенин таржымалы:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 1997-1998-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин медициналык борборуна 8,5 млн долларлык жабдуу алуу үчүн «Медисон Ко, ЛТД» (Корея) компаниясына кепилдик кат берген.

Бул борбордун ээсии Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана «Микрохирургия глаза» А.Исманкулова ЖЧКсы болгон. Ал мезгилде окуу жайдын эл аралык байланыш жана медицина боюнча проректору Исманкулов университеттин атынан өкүл катары дайындалып, кредит алуу боюнча келишимге кол койгон. 1999-жылы май айында жабдуулар «Микрохирургия глаза» А.Исманкулова ЖЧКсына келген.

2000-жылы Кыргыз улуттук университети окуу жайдын медициналык борборунун негиздөөчүлөрүнүн катарынын чыккандан кийин, алынган кредитти төлөө жоопкерчилиги «Медицинский центр КГНУ «Интергоспиталь» ЖЧКсына өткөн.

Ишкана ушул мезгилге чейин Корея тарапка жабдуу үчүн алынган техникалык насыяны төлөбөй келет.

Бул факт боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, Кыргыз улуттук университети жана «Микрохирургия глаза» ЖЧКСынын директоруна кылмыш иши козголуп, анын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш жабылган.