КР БИМ Мамлекеттик билим берүү стандартын кайра карап чыгууда
31.03.2021
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын (мындан ары – МБС) кайра карап чыгуу боюнча ишти улантууда. Курамына кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, директорлордун окуу-тарбиялоо иши боюнча орун басарлары, предметтик мугалимдер кирген кеңейтилген жумушчу топ түзүлдү.
МБСны кайра карап чыгуу үчүн төмөнкү факторлор негиз болду:
- билим берүү системасына карата заманбап талаптар,
- билим берүү системасын өнүктүрүү программасында көрсөтүлгөн мамлекеттик жана социалдык буйрутма,
- эмгек рыногунун талаптары,
- Кыргыз Республикасынын аймагында ратификацияланган эл аралык документтерге дал келүү.
МСБ төмөнкүлөрдү:
- мектептик билим берүүнүн приоритеттүү багыттарын,
- мектептик билим берүүнүн максаттарын жана милдеттерин,
- негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн тизмегин жана алардын жетишкендиктеринин деңгээлин,
- билим берүүнүн жыйынтыктарын баалоонун негизги принциптерин (билим берүү системасы, мектеп, класс жана окуучу) аныктайт.
МБСны кайра карап чыгууда төмөнкүлөр эске алынат:
- жалпы теориялык көрсөтүмдүн деңгээли,
- окуу предметинин деңгээли,
- окуу материалынын деңгээли.
МБСнын алкагында предметтик стандарттар, тиешелүүлүгүнө жараша Базистик окуу планы жана окуу программалары кайра каралып, жаңыланат.
МБСны кайра карап чыгуу билим берүүнүн мазмунун жаңылоого, атап айтканда:
- инсанды руханий-адеп-ахлактык жактан өнүктүрүүгө,
- дене-бой жактан тарбиялоого,
- кесиптик жөндөмдөргө жана ийкемдүү көндүмдөргө,
- STEAM багыттарын: табигый илимдер, технология, инженердик искусство, чыгармачылык, математиканы тереңдетип окутууга,
- көп тилдүү билим берүүгө,
- инклюзивдик билим берүүгө багытталат.
Жумушчу топ такай иштеп жатат. Даяр материалдар мугалимдик коомчулуктун кеңири талкуусуна чыгарылат.
КР БИМдин басма сөз кызматы