Болотбек Купешев Талас облусундагы эки райондун билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушту

01.06.2021

Талас облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында министр Болотбек Купешев Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунун мектеп директорлору жана бала бакча жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууда аталган райондордун жалпы билим берүү уюмдарындагы, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы маселелер ачык талкууланды.

Мектеп директорлору мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну, имараттарды оңдоого акча каражаттарды өз убагында бөлүп берүүнү, башталгыч класстардын окуучуларын тамактандырууга бөлүнгөн каражаттын суммасын көбөйтүүнү суранышты. Ал эми бала бакчалардын жетекчилери мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын штатына медайым штаттык бирдигин толук киргизип берүүнү өтүнүштү.

Министр бүгүнкү жолугушууларда көтөрүлгөн маселелер республиканын башка аймактарына да мүнөздүү экенин белгиледи.

“Республика боюнча билим берүү тармагындагы көйгөйлөр жалпысынан окшош экен, баарын кыска мөөнөттө чечип салабыз деп айткандан алыспыз, бирок эртерээк чечкенге аракет кылабыз. Эгерде баарыбыз бир жакадан баш чыгарып билим берүү системасындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө салым кошсок, бир-эки жылдын ичинде позитивдүү өзгөрүүлөр сөзсүз болот. Мен бул сөздөрдү бир кездерде араңыздарда жүрүп, ушул тармактын көйгөйлөрүн жон терим менен сезген киши катары айтып жатам”, – деди ал.

Иш сапары маалында министр Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков жана аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов менен жолугуп, райондогу билим берүүнүн абалы боюнча пикир алышты.