Билим берүү министри Кытай Эл Республикасынын Элчисин кабыл алды

30.12.2020

2020-жылдын 30-декабрында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айымды кабыл алды.

Жолугушууда негизинен КРдин жарандарына КЭРдин ЖОЖдорунда окуу үчүн бөлүнүүчү квоталар талкууланды. Ду Дэвэнь айым: “Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу макулдашуунун негизинде КРдин жарандарына КЭРдин ЖОЖдорунда окуу үчүн квоталар бөлүнүп келген. Эми Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы билим берүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга ылайык, жыл сайын КРдин жарандарына Кытайдагы ЖОЖдордо бюджеттик негизде окуу үчүн орундар берилет. 2021-2022-окуу жылына карата КРга 8 квота берилди”, - деп билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Б. Бейшеналиев билим берүү тармагында эки тараптуу мамилелердин бекемделиши боюнча бир нече сунуштарды демилгеледи:

  • Кыргыз-Кытай илимий фондун түзүү;
  • Окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү;
  • Баштапкы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдө эки өлкөнүн кызматташтыгы.

Ду Дэвэнь айым бардык демилгелерди колдоп, аларды ишке ашырууну КЭРдин тиешелүү ведомстволору менен талкуулоого даярдыгын билдирди.

Билим берүү тармагындагы эки өлкөнүн кызматташтыгы башынан эле жемиштүү жүрүп келет. Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын билим берүү боюнча кызматташтыгын бекемдөө максатында Конфуций Иституту негизделген. Азыр КРде төрт Конфуций Институту ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде, Ош мамлекеттик университетинде жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинде. Жыл сайын Конфуций Институтунун алкагында аталган ЖОЖдордун студенттерине Кытай ЖОЖдорунда кыска жана узак мөөнөттүү окуудан өтүүлөрү үчүн орундар берилип турат.

КЭРдин КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым КРдин Билим берүү жана илим министрлигине эки дос өлкөнүн ортосундагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда “Жаңы жыл – Жаңы үмүттөр” (КРдин билим берүү жана илим министри баштаган) эстафетасынын алкагында А.Б. Бейшеналиев КЭРдин КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айымга Красная Речкадагы атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын 13 жаштагы окуучусу Мария Судакова тарткан сүрөттү белек кылды.

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы