Билим берүү жана илим министри Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчисин кабыл алды

20.03.2021

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Страчкону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар буга чейин кабыл алынган келишимдердин алкагында билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-беларусь кызматташтыгынын учурдагы жана келечектеги перспективалуу маселелерин талкуулашты. Учурда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бар. Анын алкагында паритеттик негизде эки мамлекеттин университеттеринде окуу үчүн жыл сайын 10го чейин гранттык орундар бөлүнөт. Мындан тышкары, элчи мырза 2021-2022-окуу жылы үчүн Беларусь Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-июнундагы Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча Беларусь Республикасынын жогорку окуу жайларында окуу үчүн 12 гранттык орун бөлүнгөндүгүн маалымдады.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар IT адистиктери боюнча адистерди биргеликте окутууга кызыкдар экендигин билдиришти. Министр А. Бейшеналиев Белоруссия тараптын “Жогорку технологиялар паркы” жаатындагы олуттуу тажрыйбасын белгилеп, бул жаатта зарыл тажрыйба топтоо үчүн Беларусь Республикасына кыргыз адистерин жиберүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде А. Страчко министр А. Бейшеналиевди Беларусь Республикасына расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

КР ББИМдин басма сөз кызматы