Билим берүү жана илим министри Кара-Көл шаарындагы билим жайларынан кабар алды

22.10.2019

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кара-Көл шаарына жасаган жумуш сапарында Токтогул Сатылганов орто мектебинде жана “Баластан” балдар бакчасында болду. Исаков билим уяларынын окуу-тарбия иштери менен кеңири таанышып, мугалимдер жана тарбиячылар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берди.

Мындагы педагогдорду көбүнесе маянанын октябрь айынан тартып 30%га жогорулаганы кызыктырды. Алар бул боюнча министрден кошумча маалыматтарды тактап алганга жетишти.

Исаков бала бакча кызматкерлери, мугалимдердин маяналарына кошула турган 30% каражат кандай төлөнө тургандыгын ар бир мугалимдин мисалында кеңири түшүндүрүп, октябрь айынан кошулган айлыкты бардык педагогдор сезе турганын белгиледи.

Соңунда министр балдар бакчасына китептерди белекке берди.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы