Билим берүү жана илим министри Талас облусунда иш сапары менен жүрөт

01.06.2021

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Талас облусунда жүрөт. Алгач ал Талас районунун Кум-Арык айылында жайгашкан, 122 тарбиялануучусу бар көмөкчү мектеп-интернатка кайрылып, интернаттын эмгек жамааты жана тарбиялануучулары менен жолугушту.

Министр Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата белек катары ала келген акыркы муундагы компьютерлерди министрликтин атынан интернатка тапшырды.

“Учурдан пайдаланып, баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм! Билим берүү жана илим министрлиги мындан ары да өлкөдөгү ар бир бала сапаттуу билим алышы үчүн бардык аракеттерин жүмшайт”, – деди министр.

Ошондой эле ал интернаттын абалы менен таанышып, облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде чечүүгө мүмкүн болгон айрым маселелерди жаңы окуу жылы башталганга чейин чечүүнү буйруду. Атап айтканда, интернаттын жылытуу системасын оңдоо, көмүркана куруу, ашкананын шыбын жана чатырын алмаштыруу, уктоочу бөлмөлөрдү жаңы керебеттер жана төшөнчүлөр менен камсыздоо, компьютердик классты керектүү сандагы компьютерлер менен жабдуу, мектептин китепканасын кыргыз тилиндеги китептер менен толуктоо боюнча тапшырмалар берилди.