КРнын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүн Жогорку Кеңеште ант берди

25.09.2019

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүн Жогорку Кеңеште ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Жаңы министрдин ант берүү аземине катышкан президент Сооронбай Жээнбеков Каныбек Исаковду куттуктап, берген анттын зор маанисин сезе билип, эл-жерибизге, кыргыз мамлекетине жан дили менен ак кызмат кылуусун каалады.

«Буга чейин билим берүү министрлигине сын-пикирлер арбын айтылып келди. Билимдин сапатына, сабактардын көлөмүнүн көптүгүнө, китеп басып чыгаруунун кемчиликтерине нааразылыктар көп болду. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаттары жылдан жылга көбөйүп жатат. 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйдү. Бирок, билим берүү тармагына каражат көбөйгөнү менен, тилекке каршы, эл талап кылгандай, абал оңолуп кеткен жок. Бул министрликтин жетекчилигинин аракети, адамдык фактордун абдан көп таасиринен болуп жатат. Ошондуктан, жаңы министрдин жоопкерчилиги, ага артылган жүк жана ишеним чоң», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал министрдин тажрыйбасы бар, билим чөйрөсүн тереӊ түшүнөт, буга чейин мыкты иштеген, жакшы иштеп берерине үмүтүн билдирди.

Президент министрликтин ишин оңдоп кетүү жалгыз адамдын колунан келбешин, ошондуктан бир адамдан үмүттөнүп, четте карап отурбай, бул тармакты жапа тырмак оңдоого киришүү керектигин белгиледи.