КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен Россия элдеринин Ассамблея Кеңешинин төрайымы Светлана Смирнова кызматташуу багыттарын талкуулашты

03.05.2019

КР БжИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен Россия элдеринин Ассамблея Кеңешинин төрайымы, Евразия элдеринин Ассамблеясынын Генералдык Катчылыгынын жетекчиси Светлана Смирнованын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосунда билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу, анын ичинде кванториумдарды – балдардын жогорку технологиялык билим берүү аянтчаларын түзүү мүмкүнчүлүгү, дистанттык билим берүү чөйрөсүндө мугалимдер үчүн биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу талкууланды.

Ошондой эле бул жылы Ысык-Көлдө жаштар форумун өткөрүү боюнча өз-ара аракеттенүү талкууланды.