Министр Баткен областынын чек ара аймактарындагы кырдаалга байланыштуу кезексиз кеңешме өткөрдү

30.04.2021

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу бүгүн Алмазбек Бейшеналиев кезексиз аппараттык кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде министр ар кандай чагымчыл аракеттердин алдын алуу маанилүү болуп турганын баса белгиледи.

“Азыр кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган мекендештерибизге колдон келишинче жардам берүүбүз зарыл”, – деди Алмазбек Бейшеналиев.

Кеңешменин соңунда министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерине жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилди.

КР БИМдин басма сөз кызматы