Министр Алмазбек Бейшеналиев Араван районунун билим берүү мекемелерине барды

31.03.2021

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош областына болгон иш сапарынын алкагында Араван районундагы Т. Бекенов атындагы орто мектептин педагогикалык жамааты менен жолукту.

Жолугушуу эркин форматта болуп, катышуучулар билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулашты.

Орто мектептин администрациясы А. Бейшеналиевден авариялык абалдагы окуу корпусунун ордуна жаңысын салдырууга жардам берүүнү өтүндү. Министр маселенин орчундуу экенин баса белгилеп, авариялык мектепти Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржылана турган курулуш объекттеринин тизмесине коштурууну убада кылды. 

Иш сапарынын алкагында министр Аравандагы №12 кесиптик лицейге жана “Гүлбаар” балдар бакчасына да баш багып, алардын абалы менен таанышып кайтты.

КР БИМдин басма сөз кызматы