КР Билим берүү жана илим министрлиги: Акыркы коңгуроону өткөрүүгө акча каражаттарын чогултууга тыюу салынат

03.05.2019

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, министр кол койгон буйрукта республиканын мектептеринин директорлору жана мугалимдерине Акыркы коңгуроону өткөрүүдө акча каражаттарын чогултууга жана белектерди алууга тыюу салынат. Ошондой эле көңүл ачуу жайларында бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда иш-чараларды уюштурууга  тыюу салынат.

Шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын башчыларына бул күнү жооптуу кызматкерлерден күнү-түнү нөөмөтчүлүк уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү, күйүүчү жана жаракаттандыруучу фейерверктерди жана башка түзмөктөрдү пайдаланууну жоюу тапшырылды.

Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, бул буйруктун аткарылбагандыгы үчүн жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөрү айтылат.

Кыргыз Республикасынын бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо 2019-жылдын 25-майында саат 9.00дө өтөт.