КР Билим берүү жана илим министрлиги: Мектепке электрондук каттоо системасы боюнча 7,5 миңден ашуун өтүнмө катталды

08.05.2019

Ведомствонун маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, 8-майга карата мектепке электрондук каттоо системасына 7771 өтүнмө катталды:

  • Ленин районунда  - 2181;
  • Октябрь районунда – 1883;
  • Биринчи май районунда – 1713;
  • Свердлов районунда – 1994.

Өтүнмөлөрдүн жалпы санынан 5314 бала кабыл алынды, 1869 жактырылды, 133 кароодо.

“Мектепке электрондук каттоо” долбоору – бул мектеп курагына жеткен балдарды (6-7 жаш) Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мекемелерине 1-класска каттоо жараянын автоматташтырууну камсыздоочу электрондук система.

КР Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге электрондук каттоону 1-класска кабыл алууда, мыйзамсыз кирүү төлөмдөрүн алууга жана сынак жүргүзүүгө  жол бербөө максатында иштелип чыккан.

Ушул жылдын 15-майына чейин кичи аймактар боюнча электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат.

2019-жылдын 16-майынан 15-августуна чейин кичи аймактардан тышкары электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат.

Ата-энелер мектептердин тизмесин, бош орундардын санын, баланын кезектеги кыймылын жана мектепке катталуусун ар учурда компьютерден да, смартфондон да көрө алышат.

Бардык кызыктырган суроолор боюнча техникалык колдоо кызматына төмөнкү байланыш телефондору боюнча кайрылса болот: 0556 122211, 0706 122211, 0776 122211, 0312 620497.