КР Билим берүү жана илим министрлиги: Ч.Айтматов атындагы №1 Ново-Павловка мектеп-гимназиясында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө

24.04.2019

Ведомство белгилегендей, бүгүн КР БИМдин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жана министрдин орун басары Надира Джусупбекова Ч.Айтматов атындагы №1 Ново-Павловка мектеп-гимназиясында окуган окуучулардын ата-энелер тобу менен жолугушушту.

Ата-энелерге мектепте прокуратура тарабынан текшерүү иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу түшүндүрмө берилди. Мектептин директору ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди.

Териштирүүнүн жыйынтыгында ата-энелердин пикирин эске алуу менен директор боюнча чечим чыгарылат.

Ошону менен бирге ведомство белгилегендей, “Өнүгүү” коомдук фонду “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамынын алкагында өз ишин алып барган коммерциялык эмес уюм жана  жарандардын ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат.