КР Билим берүү жана илим министрлиги: Бишкекте 1-июндан тартып мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор өз ишин баштайт

24.05.2019

2019-жылдын 1-июнунан тартып Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор старт алат.

Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү максатында, мамлекет жеке менчик бала бакчалар көрсөткөн кызматы үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50% өзүнө алууга даяр.

Социалдык кызмат төмөнкү категориядагы 3төн 5 жашка чейинки курактагы балдарга каралган:

- көп балалуу үй-бүлөө (5 жана андан көп бала);

- аз камсыз үй-бүлөө;

- баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси 12 миң сомдон кем;

- ата-энесинин бирөөсү I же II группадагы майып;

- ата-энесинин бирөөсү же экөө тең мамлекеттик/муниципалдык кызматкер, жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем.

Бул долбоорго катышуу үчүн ата-энелер өзүнүн өтүнмөлөрүн КР Билим берүү жана илим министрлигине жиберсе болот. Өтүнмөнүн формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтында: https://edu.gov.kg/ru/kindergarten/gosudarstvennyj-socialnyj-zakaz-v-sfere-doshkolnogo-obrazovaniya/.