КР Билим берүү жана илим министрлиги: Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында “Эр-жигит” сынагынын финалы болуп өттү

24.04.2019

Мелдеш КР Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясынын № 714 аскер бөлүгүнүн базасында өткөрүлдү жана Бишкек шаарынын күнүнө арналды.

Мелдештин катышуучулары 6 номинация боюнча ат салышты: катарда машыгуу, куралдарды чачуу/жыйноо, күч көнүгүүлөрү, окуу гранаталарын ыргытуу, 100 жана 1000 метр аралыктарына чуркоо.

Мелдешке райондук мелдештердин жеңүүчү командалары катышышып, атайын багыттагы “Кабылан” бригадасынын офицерлери калыстар коллегиясы болушту.

Шаар боюнча биринчиликти Биринчи май районунун № 83 жалпы билим берүүчү орто мектеби алышты.

Экинчи орун Октябрь районунун № 62 мектеп-гимназиясына, үчүнчү орунду Ленин районунун № 9 мектеп-гимназиясы менен Свердлов районунун № 38 мектеп-гимнациясы бөлүп алышты.

Командалар медалдар, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Финалист-мектептердин жаштарды аскердик чакырууга даярдоо жетекчилерине “АЧД боюнча мыкты мугалим” эстелитк медалдары ыйгарылды.