КР Билим берүү жана илим министрлиги: Бишкекте Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин билим берүү тармагында кызматташуу боюнча Кенешинин отуруму өтүүдө

18.04.2019

Бишкек шаарында 2019-жылдын 18-19-апрелинде билим берүү тармагында кызматташуу боюнча Кыргызстан, Казахстан, Россия, Таджикистан, Беларусия, ошондой эле КМШ Аткаруу комитетинин билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Кенешинин отуруму өтүүдө.

КР Билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрайымы  Гүлмира Кудайбердиева отурумду ачты.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар КМШ Тармактык Университетин түзүү мүмкүнчүлүктөрүн жана анын ишмердүүлүгүн, бул мамлекеттердин жогорку окуу жайларына өтүү үчүн КМШ мамлекет-катышуучуларынын жарандарына тең укуктарды берүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле КМШ мамлекеттеринин билим берүү уюмдарынын/мекемелеринин билим берүү ишмердүүлүгүн мамлекеттик аккредитациялоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору талкууланды.

Мындан сырткары отурумдун алкагында КМШ мамлекет-катышуучуларынын билим берүү кызматкерлеринин жана мугалимдердин VI Съездинин Концепциясынын долбоору каралат, ошондой эле аны даярдоо жана өткөрүүгө байланышкан маселелер талкууланат.  КМШ мугалимдеринин  VI Съездинин алкагында педагогикалык  чеберчиликтин Эл аралык фестивалын өткөрүү мерчемделүүдө.