КР Билим берүү жана илим министрлиги: Кыргызстандык окуучу химия боюнча Эл аралык Менделеев олимпиадасында коло медаль жеңип алды

08.05.2019

Россия Федереациясынын Санкт-Петербург шаарында химия боюнча окуучулардын 53-Эл аралык Менделеев олимпиадасы болуп өттү.

Олимпиадага Австрия, Азербайджан, Армения, Белоруссия, Болгария, Венгрия, Грузия, Израил, Иран, Ирак, Казахстан, Кыргызстан, Кытай жана башка мамлекеттердин командалары катышты.

Кыргызстандын командасынын курамы:

1. Чекирбаев Мирхад, Бишкек шаарындагы №9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси, 11-класс;

2. Соодонбеков Нурсултан, Х.Карасаев а. Ысык-Көл балдар лицейи, 11-класс;

3. Зикиров Эльмар, И.Раззакова а. Кызыл-Кыя лицейи, 11-класс;

4. Токтобеков Камиль, Х.Карасаев а.Ысык-Көл балдар лицейи, 10-класс;

5. Шеитов Бакай - №61 Е.Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык мектеп окуу комплекси, 11-класс;

Команданын башкы жетекчиси Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин химия инженерлиги бөлүмүнүн доценти т.и.к., доцент Бакыт Боркоев, команданын жетекчисинин орун басары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин химия инженерлиги  бөлүмүнүн доценти х.и.к., доцент Калипа Салиева катышышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында Чекирбаев Мирхад коло медалга, команданын калган мүчөлөрү  катышуучу сертификатына ээ болду.